Биз менен байланышыңыз

Тоо текесин атып аны видеого тарткан жаран табылды

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 903 | 0

Тоо текесин атып, аны видеого тарткан жаран табылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Мергенчи 46 жаштагы Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургуну болуп чыкты. Ал күнөөсүн толук моюнга алып, кой кайтарып жүргөндө тоо текелерин көрүп калып, атып салганын айткан.

Бул факты боюнча ага 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мындан тышкары, 20 миң сом административдик айып төлөөгө милдеттендирилди. Айыпталуучу кылган иши үчүн кечирим сурап, бир ай ичинде төлөөгө убада бергени кабарланды.

Эске салсак, социалдык тармактарда эки тоо текесин баласы менен атып, аны видеого тарткан жарандын аракети сындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM