Биз менен байланышыңыз

АКШда кыргызстандык жаран жол кырсыгына кабылды

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 679 | 0

АКШда кыргызстандык жаран Алмаз Муминов жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары маалымат таратты.

Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча так маалыматы жок экендигин, ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.

Жол кырсыгы 4-октябрда Миссури штатында болгон. Жолдошунун жол кырсыгына кабылганын уккан аялы ооруканага бара жатып ал дагы аварияга учураганы айтылууда.

Маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар оор абалда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM