Биз менен байланышыңыз

Чүй облустук казыяты аймактагы мечиттерди текшере баштады

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 605 | 0

Чүй облустук казыяты аймактагы мечиттерди текшере баштады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев Чүй облустук мусулмандар казыятынын мечиттердин абалын текшерип, кышка карата даярдыктарды көрүү боюнча чыгарган буйругунун негизинде аймактагы мечиттерди текшере баштады.

Ошондой эле докуметтери бүтө элек мечиттердин документтерин тездетүү тапшырмасы берилип, имамдарды так, туура иштөөгө жана эл ичиндеги ынтымакты бекемдөө чакырылды.

Бул иш-чара жакынкы күндөрү бардык райондордо жүргүзүлөрү кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM