Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 652 | 0

Бүгүн, 8-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга келген Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаярды кабыл алды.

Жээнбеков ардактуу ага «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Монголиянын мурдагы президенти бул иш-чаранын дүйнөнүн элдерин жакындатуу жана учурдун актуалдуу талаптарын чечүүдөгү маанисин белгилеп, улуу жазуучуга арналган форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM