Айыл чарбасын каржылоо – 6 программасынын алкагында 11 миңден ашык жаранга жеңилдетилген насыя берилди. Алар 5 млрд 176 млн сом алышкан. Бул тууралуу Финансы министри Адылбек Касымалиев тармактык комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каралган насыянын 1 млрд сомдон ашыгы өсүмдүк өстүрүү тармагына, 2 млрд сомдон ашыгы мал чарбачылыгына, кайра иштетүү менен тейлөө тармагына 1 млрд 116 млн сом жумшалган.