Биз менен байланышыңыз

9-октябрда суук болуп, Таласта үшүк жүрөт

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 637 | 0

9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Таласта түнкүсүн үшүк жүрүп абанын табы -1…-3 градус суук болуп,  күндүз +8…+13 градуска көтөрүлөт;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Ысык-Көл жана Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM