Биз менен байланышыңыз

Энергетика тармагына 128 млрд сом насыя берилип, анын 22 пайызы гана кайтарылган

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 2217 | 0

Өлкөдө энергетика тармагында иш алып барган мекемелерге 128 млрд 635 млн сом бюджетик насыя берилген, бирок анын 22,5 пайызы гана кайра төлөнгөн.

Мындай маалыматты Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, насыянын басымдуу бөлүгү энергетика тармагына алынат. Өзгөчө “Электр станциялар” жана Улуттук электр станциялар тармагы ишканалары баланстык эсептен ашыкча насыя алышканы маалым болду.

Эсептөө палатасы акыркы отчеттор Башкы прокуратуранын жана өкмөттүн кароосуна жиберилгенин кабарлайт.

Ал эми тышкы карыз боюнча 637 млн сом өлчөмүндө бурмалоо болгону аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM