Биз менен байланышыңыз

Өткөн жумада 174 жаран мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 570 | 0

Өткөн жума ичинде 19 миңден ашык жол эрежесин бузган айдоочу аныкталды. Анын ичинде 174 жаран мас абалында унаа башкарганы маалым болду.

Миңден ашык транспорт каражаты атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди. 500гө жакыны жол чырактын тыюу салынган белгисине көңүл бурган эмес, 2 миңден ашыгы жогорку ылдамдыкта унаа башкарган.

3456 жаранга жол белгисине маани бербеген үчүн айып салынды. 4552 айдоочу коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып төлөштү.

3474 жаран унаа айдоо маалында уюлдук телефон менен сүйлөшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM