Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 806 | 0

Түштүк Кореянын Бусан шаарында өткөн XXIII эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссердун “Аврора” тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Режиссёр Бекзат Пирматовдун эмгеги “Кинодогу жаңы багыттар” негизги сынактык программасына катышууда.

Фестивалда 250дөн ашуун тасма көрсөтүлөт. Аталган кинолордун 1/3  бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат.

Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар жана 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Бусан кинофетивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM