Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 757 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков  Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана орусиялыктардын жыргалчылыгы үчүн  алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM