Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө «Ч. Айтматов жана доор чакырыктары» эл аралык форуму жыйынтыкталды

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 1020 | 0

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Ч.Айтматов доор чакырыктары» эл аралык форуму жыйынтыкталды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында жазуучунун чыгармачыл жолу, жаратылышка калтырган таасири учурдагы глобалдык көйгөйлөрү каралды. Атап айтканда бул эл аралык форумга дүйнөдөгү 25тен ашык өлкөнүн маданий жана илимий кызматкерлер чогулушкан. Ал ортодо секциялык иштерде Кыргызстан, Орусия, Азербайжан, Түркменистан, Монголия, Индия жана башка мамлекеттин өкүлдөрү даярдап келген докладдары маалымдалды.

Мындан сырткары Ч. Айтматовдун экинчи өмүрүн улантуунун багыттары боюнча сунуштар айтылып, анын жыйынтыгы жазуучунун туулган күнү 12-декабрда басылып чыкмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM