Биз менен байланышыңыз

Интерполдун президентинин жубайы полициянын көзөмөлүнө алынды

Дүйнө | 7 Окт 2018 | 742 | 0

Дайынсыз болуп жаткан Интерполдун президенти Мэн Хунвэйдин жубайынын коопсуздугун француз полициясы көзөмөлгө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мэн Хунвэйдин жубайы ага карата ар кандай коркутуулар болуп жатканын билдирген.

Буга чейин Интерполдун президенти Мэн Хунвэй 29-сентябрда Франциядан Кытайга кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жубайы кабарлаган. Мындан улам аны издөө иштери башталган. Кийинчерээк президент Кытайда камакка алынган болушу мүмкүн деген маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Интерпол — күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 мамлекет кирет. Башкы кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун президенти болуп 2016-жылы шайланган. Ал Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары катары да иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM