Биз менен байланышыңыз

Исфана–Кайрыгач жолунун курулушу октябрда бүтөт

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 745 | 0

Эл аралык маанидеги Исфана–Кайрыгач жолунун курулушу 80% аяктады. Бул тууралуу жол куруу компаниясынын инженеринин жардамчысы Сайип Акматов билдирди.

Анын айтымында, 1 ай ичинде жолдун ачылышы болот. Исфана–Кайрыгач жолу 36 чакырымды түзүп, 3 участоктон турат. Биринчи Исфана –Сүлүктү 11 чакырым, 400 метр. Кийинкиси Сүлүктү–Кольцо 9 чакырым 700 метр жана Кольцо–Кайрыгач тилкеси 13 чакырым 880 метрди түзөт. Жолду кытайлык ишкана куруп жатат. Ал эми көзөмөлдөөчү француз компаниясы. Жолдун долбоору 2014-жылы түзүлүп, жумуш быйыл аяктоосу пландалган. Азыр иштердин 80% аяктап калды. Ушул октябрь айында толук бүткөрүлөт. Жолдун бир тарабынан тротуар курулган, экинчи тарабы долбоордо жок.

Жолду курууга 1 миллиард 500 миллион сом кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM