Биз менен байланышыңыз

Президент жарандык авиациянын 85 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 721 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн  жарандык авиациясынын ардагерлери менен жумушчуларын жарандык авиациянын 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда, азыркы учурда авиаучуулардын географиясын кеңейтүү, жаңы линияларды көбөйтүү, ошондой эле „Ош“ жана „Манас“ аэровокзалдык комплекстерди кеңейтүү боюнча жакшы иштер жасалып жатканы айтылат.

«Мамлекеттеги жарандык авиациянын өнүгүү жолу ардагерлердин эмгеги жана чыгармачылык мамилеси менен тыгыз байланышкан. Эл аралык авиациялык талаптарды сактоо менен авиакаттамдар рыногунда атаандашуу үчүн авиаторлордун азыркы мууну зор салым кошуп жатат.

Аэропорт инфраструктурасын модернизациялоого, авиаучуулардын коопсуздугунун камсыз кылууга, авиажүргүнчүлөрүн тейлөө сапатын жогорулатууга Кыргызстандын авиаторлору өзүнүн бардык күч-аракеттерин жумшайт деп терең ишенем. Алдыдагы пландардын ийгиликтүү ишке ашышына Сиздердин ак ниет эмгегиңер кепилдик берет»,- деп жазылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM