Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 752 | 0

Бүгүн, 7-октябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, күндүз айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болорун эскертти. 8-10-октябрда күн сууп, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…8, күндүз 3…8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 11…13, күндүз 17…19 градус жылыйт.

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болорун эскертти. 8-10-октябрда күн сууп, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM