Биз менен байланышыңыз

Кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган бир айлык аягына чыкты

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 736 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган бир айлыгы аягына чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-октябрь жыл сайын табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыяланган.  Бир айлыктын алкагында калктын коркунуч тууралуу кабардар болуусу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн сактоо ыкмалары, билимдерин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар, күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу, куткаруу ишин пропагандалоо максатында жаштардын арасында турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча мелдештер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге өткөрүлдү. 

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кырсыктардын алдын алууда жана адам өмүрүн сактоодо көмөк көрсөткөн жарандарга сыйлыктарды тапшыры.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM