Биз менен байланышыңыз

7-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 671 | 0

7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облусунун аймактарында, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20;

Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, айрым учурда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн+11…+13, күндүз +17…+19.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM