Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңеши өтүп жатат

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 690 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңеши өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабырчыбыз Гүлжамал Асанкадырова кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча кызматташуу механизмдери, чек ара аймактарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер министрликтердин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү маселелери каралды.

Эми аймактардын коопсуздугу боюнча пикир алмашуу, уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана терроризмге, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери боюнча талкуу жүрөт.

Кеңешке Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын ички иштер министри катышып, Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев төрагалык кылууда.

Белгилей кетсек, жыйын аймактык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу, достук мамилелерди күчөтүү максатында уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM