Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору ачылды

Ош шаарында балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов балдардын укугун коргоп, аларга ар тараптан жардам берүүнү көздөгөн уюмдарга ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда балдарга болгон терс көрүнүштөр, үй-бүлөдө болуп жаткан оор кырдаалдар акырындык менен жоюлса деген тилегин айтты.

Ал эми БУУнун балдар фондунунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо коомчулук балдарга карата болуп жаткан терс көрүнүштөргө көз жумбай, биргеликте кам көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлүп, ар тараптан колдоолор, жардамдар берилүүчү борбор. Ошондой эле, бала багып алуучу үй-бүлөргө да жардам берилет.

Долбоордун координатору Зайнап Эшмуратованын айтымында, балдарга жардам берүүчү күндүзгү борборго Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн балдар жанан үй-бүлөлөр менен иштешет. Минималдык стандартка тиешелүү шарттардын баары түзүлгөн, 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM