Кыргызстандык Исломидин Умурзаков Орусиянын Пермь шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.
United World Wrestling уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Умурзаков 3-орун үчүн Андрей Толстов менен күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңип алган.
Ал 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 70 килограмм салмакта мелдешкен.
Ошондой эле, 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байге үчүн таймашта орусиялык атаандашы Павел Куриленкого 1:3 эсебинде жеңилген.
Айта кетсек, Пермь шаарында 5-октябрда башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 7-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан төрт балбан катышууда.