Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2019-жылы аяктайт

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 725 | 0

Лев Толстой көчөсүндө эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2019-жылы аяктайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, бул «Бишкек жылуулук түйүндөрү» ачык акционердик коомунун шаардын түштүк аймагын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн магистралдык көпүрө куруп жаткандыгы менен байланыштуу.

«Бул абдан көлөмдүү жумуш. «Бишкек жылуулук түйүндөрү» насыялык каражаттарды тартып жатат», — дейт Дүйшембиев.

Вице-мэр буга кошумча учурда Ботаникалык бактын курулушу тууралуу маселелер каралып жатканын айтып, калган көчөлөрдү оңдоо иштери октябрдын соңуна чейин аягына чыгарын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM