Биз менен байланышыңыз

«Аврора» тасмасы Түштүк Кореяда өтүүчү кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 733 | 0
Жаш режиссёр Бекзат Пирматовдун «Аврора» тасмасы Түштүк Кореянын Бусан шаарында өтүүчү эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Белгилей кетсек, фестиваль 12-21-октябрь аралыгында өтөт. Анда 250дөн ашуун тасма көрсөтүлөт. Аталган кинолордун 1/3  бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат.
Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар жана 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Бусан кинофетивалы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM