Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн “Түндүк” системасы толук кандуу ишин баштады

Коом | 5 Окт 2018 | 1437 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Түндүк» системасы толук кандуу ишин баштаганын жарыялады. 

Санариптик трансформациянын эң артыкчылыктуу багыты — бул  «Түндүк системасы»  болуп эсептелет. Анткени мамлекеттик органдар  бири-биринин жана жеке жактар ортосундагы документтерди алмашуу процессерин электрондоштуруу максаты коюлган. Бүгүнкү күнү өкмөттүн бул программасы толук кандуу ишин баштаганын жана Кыргызстан Борбор Азияда ачык өкмөткө өткөн биринчи мамлекет экенин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабарлады.

«Түндүк» системасы толук кандуу ишин баштады. Азыркы тапта мамлекеттик органдар бул система өтүштү. Мындан сырткары бизнес жана банк сектору дагы «Түндүк» менен иштеп жатышат. Ошондой эле түндүктүн алкагында жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн электрондук партал негизделди. 2018-жылдын август айында өкмөттүн жалпы жыйынында системаны ишке ашыруу үчүн иштин планы бекитилген. Анда өкмөттөгү маалыматтардын эң негизгилери  быйыл ишке кирет.  

Бул кадам өкмөттүн ачык иш алып баруусун камсыздайт. Жарандар маалымкат же документтерди алуу үчүн бир мекемеден экинчисине барбашы керек деген талапты өкмөт башчы коюуда. Ага көзөмөлдү жүргүзүү үчүн буга чейин ар бир министрликте министрдин орун басары дайындалаары кабарланган болсо, бүгүн жоопкерчилик ведомство жетекчилерине жүктөлдү.

Учурда системага  20дан ашуун мамлекеттик орган кошулду. Анын негизинде жарандарга жана бизнеске кызмат көрсөтүлө баштаганын президенттин  кеңешчиси, санариптик трасформация боюнча эксперттик кеңештин координатору Дастан Догоев айтып берди.

Азыркы убакта бул система аркылуу  20дан ашык мамлекеттик орган байланышты. Андан тышкары Кыргызстандын жарандарына жана бизнеске электрондук кызматтар көрсөтүлүүдө. Мисалы мамлекеттик сатып алуулар. Ошол жерде социалдык фонддон алынган жана салык кызматы тарабынан берилген маалымкаттарды электрондук негизде алууга болуп калды. Муну менен жарандар тендерлерге дагы катыша алышат.

Ал эми  бизнести  эң эле түйшүккө салып жаткан орган бул салык кызматы экенин Өндүрүүчүлɵр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гулнара Ускенбаева белгилейт.  Азыркы күндө деле бул кызмат бир ишкерге эле маалымкаттын 18 түрүн берип жатканын айтып нааразы. Ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук негизге өтүшү бизнес менен мамлекеттик органдар ортосундагы коррупцияны тыймак деген өйдө.

Албетте бүгүнкү күнү ишкерлерди түйшүккө салып келаткан орган бул салык кызматы. Салык кызматы бизге расмий түрдө эле маалымкаттын 18 түрүн берет. Аны бизнес милдеттүү түрдө камсыздашы керек.  Экинчи, жарандар үчүн  социалдык фонд турат. Пенсия курагындагы ар бир экинчи жарандан сурасаңар  толгон-токой документтердин керектигин өздөрү эле айтып беришет. Кийинкиси Мамлекеттик каттоо кызматы. Анткени бул жерде транспорттук каражаттарды жана кыймылсыз мүлктү каттоо бар. Буга кошумча Каржы министрлиги дагы көп документ талап кылган органдардын катарына кирет. Өзгөчө ишканалардан көп талап кылышат. 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров болсо, «Түндүк» системасынын алкагында чечилиши керек болгон жагдайларга коомчулуктун көңүлүн бурду. Эл өкүлүнүн пикиринде, 2020-жылга чейин төрт негизги иштер жасалып бүтүшү керек. Анын бирөөсү ар бир Кыргызстандыктын алаканында бекер интернетти жеткиликтүү кылуу.  Ошону менен улуттук экономиканы башка нукта башкарууну сунуштады.

Бизге улуттук экономиканы башка нукта тургузуп башкаруу керек. Ошондой санариптик экономикага мамилени өзгөртүү маанилүү. Тез арада чечилиши керек болгон төрт маселени айткым келет.

-Биринчи бул интернет. Интернет ар бир мектепте жана үйдө бекер болушу керек. Зарылчылык жаралса космостон кошумча  ступник кое берилсин. Мындай шартты түзүү үчүн инфраструктураны талапка жараша кылуу. «Түндүк» дал ошол биздин инфраструктурабыз болуп калды. Нью-Йоркту интернеттин жардамы менен 1 секдда таап жатса, эмне үчүн бир документ он күндө берилиши керек? Мына санариптик экономика деген ушул. Биз ушул жол менен гана дүйнөдөгү тренддерге жетише алабыз.

Эске салсак, Кыргызстанда «Түндүк»  системасы 2016-жылдан бери иштейт. Ага 25 министрликти жана ведомстволордун бөлүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Тажрыйба Эстониядан алынган. Системанын ишке кириши менен бир гана ачыктык эмес каражатты үнөмдөөнүн дагы бир жолу болуп калаарын премьер-министр айтууда. Анткени Эстония жылына 1 млрд евро үнөпдөп келет. Ал эми Кыргызстанда  бул көрсөткүч жылына 300 млн сомго жетери айтылууда.

«Түндүк» системасы — бул мамлекеттик водомстволордун  маалыматы топтолгон электрондук аянтча болуп саналат. Каалаган министрлик башка органдан маалыматты кат жөнөтүп эмес, электрондук негизде дароо алууга укуктуу болот.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM