Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы болду.
5-октябрдагы жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дуйсен Касеинов, КМШ өлкөлөрүнөн, Кытайдан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан ошондой эле Казакстандан Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов баштаган жазуучулар жана илимпоздор катышты.
III эл аралык Ысык-Көл форуму Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Форумдун расмий ачылышы «Ала-Арча» резиденциясында өтүп, ага 25 мамлекеттен 150дөн ашык жазуучулар илимпоздор, Айтматовдун санаалаштары менен жакындары катышты. Анда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков Айтматовдун маданияттагы, дүйнөдөгү опол-тоодой ордун дагы бир жолу белгиледи.
— Айтматов айткандай «Баарыбыз бир кайыктабыз, биздин алдыбызда улуу космикалык мухит». Адамзат кайыгын бул мухитте чайпалтпай, дүйнөнү сактап калууну табыштады. Залкар жазуучубуз — адабияттын гана өкүлү эмес, ойчул, философ, гуманист. Айтматовсуз дүйнөлүк маданият толук болбой, бөксөрө түшөт. Улуу жердешибиз улуттук гана руханий лидер болбостон, планетардык масштабдагы интеллектуалдык элитанын, дүйнөлүк акылмандардын катарын толуктап турат. Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол багыттайт.
1986-жылы Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көлдө дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулоо үчүн чогулган. Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова дүйнөдөгү эң ири эки держава бири-бирине тиш кайрап турганда жакшы максат-мүдөө менен уюштурулганын айтат.
— Ал кезде кансыз согуш болуп, СССР менен АКШ тирешип турган. Ошол учурда 21-кылымга кирээр мезгил болуп, жаңы кылымга тынчтык менен, ынтымак менен кирсек адамзатка жакшы болот эле деген ой менен уюштурулса керек деп ойлойм.
Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн боюнда мындан 32 жыл мурун болгон эл аралык форумга дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын катышышы бул иш-чаранын канчалык маанилүү экенинен кабар берет. Филология илимдеринин доктору, профессор Аскар Какеев форумга илимпоздор менен төбөсү көрүнгөн адамдардын катышуусун мындайча түшүндүрдү.
— Ысык-Көлдүн жээгинде адамзаттын келечеги кандай болот, мамлекеттердин ортосундагы байланыштар кандай болуш керек ушул темалар талкууланган. Алардын ичинде Фредерикке Майор сыяктуу укмуш адамдар келип ойлору менен бөлүшкөн. Мунун өзү Чыкемдин (ред: Чыңгыз айтматовдун) улуу адам, болгондо дагы улуу ойлорду тапкан жана тараткан болгонун далилдейт. Анын ойлорун түшүнүш үчүн, жер жүзүндө ага тең ата болгон адамдар келип катышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов көрөгөчтүк менен көтөргөн маселелер — улам бузулуп бараткан экологияны коргоо, табият менен гармонияда жашоону камсыз кылуу, улуттар арасындагы биримдикти сактап, өлкөлөр ортосундагы интеграцияны чыӊдоо — бүгүн да актуалдуу, ал тургай мурдагыдан да курч мүнөзгө ээ болгонун айтты. Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов форум тууралуу биз менен ой бөлүштү.
— Ысык-Көл шеринесине дүйнөдөгү интеллектуалдар жана эң акылдуу адамдардын катышканынын себеби анда коюлган маселенин курчтугунда болчу. Анткени ошол учурда дүйнө экиге бөлүнүп турган. Аны жакындатуу, темир көшөгө деген нерсени алып таштоо, жер шарында жашап жаткан адамзаттын маселесин биргелешип чечүү жөнүндө кеп болгон. Эми ал маселелер азыр дагы күчүндө. Андыктан Ысык-Көл шеринесине дагы уланып жатат.
Чыңгыз Айтматовдун санаалаштарынын бири казакстандык акын жана жазуучу Мухтар Шаханов Ысык-Көл форумунун биринчи жыйынына катышкан. Ошол жылдары адамдардын руханий байлыгына байланышкан маселе көтөрүлгөн болсо азыр дагы бул көйгөй курч бойдон турганын айтты.
— Азыр материалдык байлык, спорт биринчи орунда. Жеңил-желпи ырлар угулат. Ал эми адамды адам кыла турган руханий байлык 60-70-катарга түшүп кетти.
Бишкекте ачылган форум Ысык-Көлдө уланып 7-октябрга чейин болот. Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтөт. Жыйынтыгында Ысык-Көл форумунун декларациясы кабыл алынат.
1986-жылы октябрда Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен эл аралык форум өткөн. Бул тарыхый жыйын «Ысык-Көл шеринеси» деген ат менен белгилүү болуп калган.