Биз менен байланышыңыз

Ошто батир бөлүштүрүүдө мыйзам бузууга шектелип эки кызматкер кармалды

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 892 | 1

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган үйдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузууга шектелип эки кызматкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боючна мамлекеттик комитет билдирди.

1-октябрда УКМК Ош шаардык мэриясы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бериле турчу батирлер мыйзамсыз берилгени аныктаган. 2017-жылы Ош мэриясынын токтому менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Анар” кичирайонунан 66 батир берилген. Текшерүү маалында 8 жарандын башка турак-жайы жоктугун билдирген документ жасалма экендиги, 32 жаран Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар районунда жана Бишкек шаарында жашагандыгы аныкталды.

Ошондой эле 3-топтогу 9 майып адам батирди мыйзамсыз алганы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-305-315-беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылган.

Такталган маалымат боюнча, бул жооптуу адамдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди бөлүштүрүүдө комиссия мүчөсү болушкан.

Аларга карата кылмыш иши козголуп, Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Ошто батир бөлүштүрүүдө мыйзам бузууга шектелип эки кызматкер кармалды – Сот адилеттигине жетүү

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM