Биз менен байланышыңыз

Исакунова АКШга премьердин уруксаты жок барганы айтылды

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 774 | 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова АКШга чуулуу тема боюнча премьер-министрден уруксат албай барган. Мындай маалыматты депутат Аида Касымалиева фейсбукка жазып чыкты.

Депутат буга чейин парламент жыйынында аталган министрликтин жетекчилиги дипломатиялык паспортторду негизсиз колдонгонун айткан.

«Мен айткан маалыматтарды тастыктаган документтер Чек ара кызматынан келип жатат. Анын бир эле мисалын айтсам, министр Таалайгүл Исакунова АКШга жана Аргентинага премьер-министрдин уруксаты жок барган. Кийин ал жөнүндө отчет да берген эмес. АКШда Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугуп, бала асыроо менен алектенген эл аралык агенттиктерди аккредитациялоо маселесин талкуулашкан”, — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM