Биз менен байланышыңыз

Тоо кендерин иштетүү тармагында 18 миңден ашуун жумушчу иштейт

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 661 | 0

Учурда тоо кендерин иштетүү тармагында 18 миңден ашуун жумушчу эмгектенет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков геология тармагынын ардагерлерин жана кызматкерлерин геология кызматынын түзүлүшүнүн 80 жылдык майрамына карата айткан куттуктоосунда белгиледи.

Жээнбеков айрыкча республиканын региондорун өнүктүрүү багыты геология тармагы менен түздөн-түз байланышта экенин айтат.

“Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык жакын арада тоо-кен казып алууда натыйжалуу өсүшкө жетишүү максатында айлана чөйрөгө чектелүү таасир тийгизген тоо кен казуудагы заманбап технологияларды ишке киргизүү милдети турат. Ошондон улам жер казынасын пайдалануу жана геологиялык чалгындоо иштери тармагындагы адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү колдоого алуу — өтө маанилүү милдеттерге кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM