Биз менен байланышыңыз

Курулуш агенттигинин жетекчисин иштен алуу сунушталды

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 617 | 0

“Кыргызстан” фракциясы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин иштен алууну сунуштады. Фракция жыйынында эл өкүлдөрү бул мекемеде ачык айкындуулук, эффективдүүлүк жоктугун айтышты.

Фракциянын бүгүнкү жыйынына агенттиктин төрагасы Бакытбек Абдиев катышкан эмес, ал чет жакта иш сапарында экени айтылды.

“Кыргызстан” фракциясы мындан тышкары, агенттиктин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин кызматына ылайыктуулугун да карап чыгууну өкмөткө сунуштады.

Кошумчалай кетсек, фракция жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 3 жыл аралыгында УКМК 28, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 16 кылмыш ишин козгогону айтылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM