Биз менен байланышыңыз

Импортчулар үчүн салыктык каттоо боюнча өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 730 | 0

Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн импорттоочулары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын колдонуу мөөнөтү узартылды.

Өкмөттүн токтомунун негизинде киргизилген оңдоолорго ылайык, салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымкат Салык кызматында кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталган субъектилер үчүн алынган күндөн тартып 180 календардык күнгө, калган субъектилер үчүн 60 календардык күнгө жарактуу.

Ошентип, импорттоочулар салык органдарынан КНС төлөөчүлөр үчүн алты айга, калган импорттоочулар үчүн 2 айга чейин жарактуу маалымкатты бир жолу алып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товар ташый алышат.

Жогорудагы оңдоолор киргизилгенге чейин, маалымкаттын жарактуулук мөөнөтү берилген күндөн тартып 30 күн болгон.

Эскерте кетсек, импорттоочулар салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты тийиштүү аймактык салык органынан ала алышат. Мында, салык органы бир жумушчу күндүн ичинде арызды карап, маалымкатты берүү же баш тартуу себебин көрсөтүү менен берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин чыгарат. Баш тартууга субъектинин мурдагы отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетун бербегендиги негиз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM