«Түндүк» системасы ишке кирсе жарандар справка алуу үчүн ведомстволорго барбай калат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Кыргызстанда «Түндүк» системасы 2016-жылдан бери иштейт. Ага 25 министрликти жана ведомстволордун бөлүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.
«Түндүк» системасы — бул мамлекеттик водомстволордун маалыматы топтолгон электрондук аянтча болуп саналат. Каалаган министрлик башка органдан маалыматты кат жөнөтүп эмес, электрондук негизде дароо алууга укуктуу болот.
Премьер-министр бул системаны 2018-жыл ичинде иштеп, жыйынтыгын чыгарууну кеңештин мүчөлөрүнө тапшырган.