Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Мугалимдерди социалдык колдоого өзгөчө көңүл бурулууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анын куттуктоосунда мугалимдик кесипти аркалаган адамдар – түгөнгүс чыдамкайлыгы жана акылмандыгы менен өзгөчөлөнгөн коомдун интеллектуалдык бөлүгү экени айтылат.

Абылгазиев билим берүү тармагында өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү комплекстүү модернизациялоонун программасы ишке ашып жатканын айтты.

Ошондой эле жаңы инновациялык технологиялар кригизилип, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртылып,  окутуунун сапаты жогорулап, агартуучулардын социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейт.

Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 114 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM