Биз менен байланышыңыз

77 млн сом салык төлөбөгөн компания аныкталды

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 1094 | 0

Жеке компания тарабынан бюджетке 77 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмү түшпөй калгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

«К.Т.». аталышындагы жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан өлкөгө компьютердик программа менен камсыздалган кымбат баадагы, эл колдонуучу товарларды даярдаган жабдык киргизилген. Анын баасы 9 млн доллардан ашык турат. Прибалтика өлкөлөрүнөн кошумча нарк салыгысыз киргизилген.

Салык кодексинин 259-беренесинде көрсөтүлгөнү боюнча, үчүнчү өлкөлөрдөн киргизилген жабдык өндүрүш тармагына колдонулса, кошумча нарк салыгынан бошотулат.

Бирок салык кодексинин бул нормасы кыянат пайдаланылып, өлкөгө киргизилген жабдык өндүрүш тармагында колдонулбай, кайра алып сатылган. Натыйжада мамлекетке 77 млн сом зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM