Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрда шайланат

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 657 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти.

4-октябрда шаар мэрлигине талапкердин тийиштүү документтерин кабыл алуунун мөөнөтү аяктады.

Эске салсак, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев 19-сентябрда кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Арпачиев бул кызматка  2016-жылы май айында шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM