Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Майрам күнү шаарда бир катар  маданий-массалык  иш-чаралар өтөт. Эл аралык жаштар форуму, сүрөт  көргөзмө, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү,  “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы, майрамдык жарманке, билим жана чыгармачылык жарманкеси, улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ал эми кечинде шаардын борбордук  стадионунда концерттик программа уюштурулат. Айта кетсек, Ош шаарынын күнү жыл сайын 5-октябрда  белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM