Биз менен байланышыңыз

5-октябрь — мугалимдердин кесиптик майрамы

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 2824 | 0

Кыргызстанда Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленет. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган.

Билим берүү жана илим министрлиги бул күнү атайын иш-чараларды өткөрүп, алардын эмгеги даңазаланат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, Кыргызстанда 79 миңдин тегерегинде мугалим иштейт. Алардын квалификациясын жогорулатууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парламент жыйынында жашы, эмгек стажы 5 жылга чейинки мугалимдин айлыгы 9 миң 200 сом экендигин айткан. 15 жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдики 12 миңге чейин. Тоолуу аймактарда 20 пайыз коэффициентти кошуп эсептегенде 15 жылдан ашык убакыт иштеген мугалимдердин айлыгы 14 миң сомдон ашат. Башталгыч класстын мугалимдериники болсо башта айтылган категориялар менен 11 миңден 16 миң 500 сомго чейин болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM