Биз менен байланышыңыз

Финполиция 9 айда бирдиктүү эсепке 172 млн сом которду

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 749 | 0

9 айда Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы аркылуу бирдиктүү депозиттик эсепке 172 млн 659 миң сом которулган. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

9 айда 1229 экономикалык укук бузуу фактысы катталып, мамлекетке  4 млрд 762 млн сом зыян келтирилген. Аталган сумманын 59 пайызы өлкө казынасына кайтарылган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.

Жыл башынан бери коррупциялык көрүнүштөр боюнча 272 кылмыш иши козголуп, бюджетке 51 млн сом кайтарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM