Биз менен байланышыңыз

Мамбеталиева койгон дооматтар аныкталды

Саясат | 4 Окт 2018 | 1428 | 0

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Мындай жыйынтыкты аталган мекеменин мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын президентке кайрылуусун иликтеген жумушчу комиссия чыгарды.

Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгын президенттин аппараты 3-октябрда жарыялады. Анда Экотехинспекцияда эмгек акыдан үнөмдөлгөн каражаттар кызматкерлерге ишиндеги жакшы жыйынтыктар үчүн эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча катары төлөнгөнү аныкталган.

Мисалы, 2016-жылы майрамдык даталарга карата 5 178 936 сом, ал эми 2017-жылы 2 030 666 сом сыйлык катары берилген. Сыйлыктын жалпы суммасы  7 209 602 сомду түзгөн. Экотехинспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева өзүнө жана бийликке ишенип мекемедеги коррупциялык иштерди жарыялагынын айтып берди.

— Менде чоң үмүт пайда болду. Бирок мен буга чейин эле ишенгем. Себеби президент коррупция менен күрөшүү боюнча бир нече жерде айтып жүрөт. Эл менен болгон жолугушууда дагы «ачык айткыла» деген. Коррупция менен болгон күрөш өтө татаал экенин баарыбыз эле билебиз да. Ал эми ишеним менде буга чейин эле болгон. Ошондуктан ушундай кадамга бардым.

Коопсуздук кеңешинин алдында түзүлгөн комиссия Мамбеталиеваны кызматтан алуу аракеттеги мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган деген бүтүм чыгарган жана тиешелүү документтер Экотехинспекцияга жөнөтүлгөн. Мамбеталиева Кадр кызматы анын ордун кайра калыбына келтирсе, жумушка чыгарын билдирди.

Андан сырткары эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен инспекциянын кызматкерлерине материалдык жардам катары 2016-жылы 1 224 507 сом, 2017-жылы 1 816 317 сом жана 2018-жылдын январь айынан 4-сентябрга чейин 584 867 сом бөлүнгөн. Бардыгы 3 625 691 сомду түзгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева бийлик Анара Мамбеталиеванын кайрылуусуна көңүл буруп, аны иликтеп чыкканы чиновниктерге сабак болушу керек деп эсептейт.

— Активист адамдар коркпой коррупциялык иштер тууралуу маалымат беришсе чиновниктер дагы чочулап, көп жердеги коррупциялык элементтер азаят. Анткени кызматкерлер ачыкка чыгарып коёт деп корко башташат да. Президенттин айтылган фактыларды мыйзамдуу же мыйзамсызбы деп реакция кылганы коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынууда.   

Инспекциядагы мыйзамсыз иштердин дагы бири кызматкерлердин өздүк эсептерине маянасынын өлчөмүнөн көп суммада каражат которулгандыгы жана кассадан накталай акча каражаттары берилгендиги аныкталган.

2018-жылдын 1-сентябрына карата Экотехинспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча 396 113 сомго чыккан. Инспекциянын кассасынан белектерди сатып алуу үчүн 45 000 сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, белектерди алуу жана бөлүп берүүнү тастыктоочу документтер жок болгон.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова президенттин Экотехинспекциядагы жемкорлукка өзгөчө көңүл бурушун мындайча чечмеледи.

— Бул биринчиден, чын эле коррупция менен күрөш жүрүп жатканынын белгиси. Экинчиден, элдин ишенимин жогорулатуу аракети болуп жатат. Анара Мамбеталиева мамлекеттик органдарда коррупциялык иштер, байланыштар аябай чоң болгондуктан президентке кайрылууга аргасыз болду.

Ошондой эле Экотехинспекциянын 45 кызматкерине 268 055 сомго мыйзам бузуу менен формалык кийим сатып алынган. Мамбеталиеванын кайрылуусун иликтеген комиссия инспекцияга кемчиликтерди четтетүү жана кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды берди. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Бакытбек Жетигенов коррупциялык иштер боюнча маалыматтар президентке түз жетип жатканын кубаттады.

— Мындай кайрылуулар жакшы жышаан, жакшы көрүнүш. Анткени аны элдин баары билип турат. Мурун президентке, өйдө жакка жеткиче ортодон маалымат жоголуп же башкача бурмаланып кетчү. Азыр түздөн-түз, ачык президенттин өзүнө жетет. Буюрса, ошого жараша дагы иш алып барылат.

Экотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева август айында мекемедеги коррупциялык иштерге каршы чыкканы үчүн жумуштан алынганын айтып чыккан. Ал кийинчерээк коррупцияга шектүү делген айрым кызматкерлердин атын атап, президентке видеокайрылуу жасаган. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков айтылган дооматтарды иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырып, атайын комиссия түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM