Биз менен байланышыңыз

Сагынбаев бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 827 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.

Анда бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын коррупциялашкандыгы боюнча маселе көтөрүштү. Ошондой эле бизнес-коомчулук туш келген акча талап кылуу, калкалоо, контрофакттык продукцияларды ташып киргизүү, аткаминерлердин өзүм билемдиги жана кесипкөй эместиги сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Дамир Сагынбаев бул маселелер президенттин көзөмөлүндө экенине ишендирди. Сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө алардын өзүн-өзү тазалоого багытталган бир катар ченемдик-укуктук документтер даярдалып жатканын жарыялады.

Муну менен катар прокуратура тарабынан кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык менчикти уурдоо кылмыштары боюнча  тергөө иштери мыйзамсыз токтотулган же мөөнөтү созулган бардык кылмыш иштери инвентаризациядан өтүп жатканын, анын жыйынтыгында жооптуу адамдарга кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM