Биз менен байланышыңыз

Депутат: Сквердин ордуна автоунаа токтотуучу жай куруу керек

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 729 | 0

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратанын ордуна парк курбай автоунаа токтотуучу жай куруу керек. Мындай сунушту депутат Акылбек Жамангулов айтып чыкты.

Белгилей кетсек, Орозбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имараты эми скверге айлана турганын, ал жер 41 сотыхты түзөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев “Марал” радиосуна билдирген.

Эл өкүлү парк курула турчу аймактарда кафелердин саны көп экенин, ага ошол кафе ээлери ээлик кылат деп тынчсызданды. Себеби ал жерде азыр бир сотых жердин баасы 100 миң доллар турат. Бул баа мындан да кымбаттап кетерин эл өкүлү кошумчалайт.

Эскерте кетсек, 2010-жылы күйүп кеткен имараттын ордуна сквер куруу боюнча мэр Азиз Суракматов чечим чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM