Биз менен байланышыңыз

Депутат окуу жайлардын бюджетин иликтеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 1044 | 0

Жогоку окуу жайлардын бюджети боюнча иликтөө жүргүзүп, андагы коррупциялык көрүнүштөрдү ачыкка чыгаруу керек. Мындай пикирин депутат Акылбек Жамангулов парламент жыйынында айтты.

Ал берген маалымат боюнча, Кыргыз улуттук университетинин бир жылдык бюджети 1 млрд сомдун тегерегинде. Кыргыз-Орус славян университетинин бюджети 500 млн сом, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бюджети 200 млн сом, Ош мамлекеттик университетинин бюджети 1 млрд сомго жакын. Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттики 200 млн, Арабаев атындагы университеттики 205 млн, Баткен мамлекеттик университетинин бюджети 700 млн сомдун тегерегинде. Ал эми Токмок шаарынын бир жылдык бюджети 148 млн сомду түзөт.

Депутат мындай ири каражаттар бөлүнүп жатканы менен окуу жайларда билим сапаты төмөн, мугалимдердин айлык акысы аз бойдон калып, имараттар ремонттолбой жатканын сындады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM