Биз менен байланышыңыз

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин колдонгондорго 1,5 млн сом айып салынат

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 1063 | 0

Кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин колдонууга тыюу салынат. Айыптын өлчөмү 1,5 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүк боюнча департаментинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, тоо койлорун атууга уруксатты 700  миң сомго алууга болот. Ал эми тоо текелерине мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы 70 миң сомдон 100 миң сомго жогорулатылып жатат.

Депутат Экмат Байпакбаев “валюталык мергенчиликке” чектөөлөрдү коюп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарылдыгын билдирди. Ошондой эле бул багытта мыйзам даярдалып жатканын айтты.

Кошумчалай кетсек, 12 мамлекет биригип илбирс жаныбарын коргоо тууралуу Бишкек декларациясын 2003 – жылы кабыл алган. Акыркы маалыматтарга караганда илбирстин саны 200гө жетпейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM