Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЕККУ ПАнын жыйыны уланууда

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 736 | 0

Бүгүн, 4-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогду колдоо” темасында парламенттик конференция өтөт.  Анда ишенимди бекемдөө жана аймактык кызматташтык аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктарга каршы күрөшүү, Борбор Азия менен Жер ортолук деңиздеги геосаясат тууралуу сессиялык отурум болот.

5-октябрда коопсуздук бирикмелерин түзүүгө жарандарды тартуу ишин кеңейтүү боюнча сессия өтөт.

Эске салсак, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны 3-октябрда башталды. Анын ачылышына Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели сөз сүйлөштү.

Коопсуздук маселесине багытталган жыйын 6-октябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM