Биз менен байланышыңыз

Аялга кол көтөргөн кичиавтобустун айдоочусу кармалды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1176 | 0

Жүргүнчү аялга кол көтөргөн кичиавтобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочу Бишкектин Москва райондук милиция бөлүмүндө кармалат.

Белгилей кетсек, 2-октябрда Бишкек — Кара–Балтага каттаган №302 маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Анда жүргүнчүлөр айдоочудан музыканын үнүн азайтууну суранышкан, ал макул болбой айтыша кетишкен. Кийин айдоочу унаасын токтотуп, аялга кол көтөргөнгө чейин барганда жанындагы эркек кишилер кармап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM