Биз менен байланышыңыз

Жамангулов: УКМК ЖЭБ боюнча маалымат берет

Күн чекит | 3 Окт 2018 | 2023 | 0

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи Борбор Азиядагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкцияланган деп жарыялады. Атамбаев «Бишкек ЖЭБиндеги авария: ушактар жана чындык» деген көлөмдүү билдирүү таратып, бир катар мурдагы жетекчилер мыйзамсыз камалып отурганын айтты.

Билдирүүдө «Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн долларга, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду «ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан» деп айыптоого болот?» — деп жазылган.

Биз экс-президенттин билдирүүсү боюнча ЖЭБдин айланасындагы чууну иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов менен маектештик.

Марал: Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБи Борбор Азия боюнча эң төмөнкү баа менен реконструкцияланганын билдирди. Депкомиссия ЖЭБди иликтеп жатканда бул сандар эске алынды беле?

Акылбек Жамангулов: Мен экс-президенттин бүгүн тараткан расмий билдирмесин толугу менен окуп чыктым. Албетте ал жерде ЖЭБди оңдоо убагында туура чечим болгонуна эч ким каршы чыккан жок. Маселенин баары алынган насыяны туура эмес, үнөмдүү пайдаланбаганда болуп жатат. Ошонун айланасында экс-премьер-министрлер, тийиштүү министрлер, жетекчилер күч органдары тарабынан кармалды.

Ал эми баа боюнча, дүйнө жүзүндө 1 чарчы метр батирди орто эсеп менен ар кандай кылып санаса болот. Москвада, Бишкекте, Алматыда башкача, Америкада дагы башкача дегендей. Бирок биз дүңүнөн эле соодалашып койгудай анчалык бай мамлекет эмеспиз да. Чоң долбоорлорубуз деле саналуу эле, ашып кетсе 4-5 бар. Акчаны үнөмдүү пайдалануунун ордуна алар EPC контрактка шылтоо кылып жатышат.

Депутаттык комиссия мунун баарын бир топ убакытта иликтеп чыктык. Саясий баа берүү боюнча чечим дагы кабыл алдык. Азыр болсо укук коргоо органдары ар бир берене боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Менин билишимче октябрь айында УКМК ушул иш боюнча канча киши жоопко тартылып жатат, канча кишинин былыгы чыгууда, канча кишинин иши сотко ашып жатат Жогорку Кеңешке маалымат берүүгө милдеттүү.    

Марал: Экс-президенттин билдирүүсүндө «бийлик ЖЭБди реконструкциялоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүүгө кызыкдар эмес» деп айтылыптыр. Чын эле эмне үчүн аудит жүргүзүү чечими кабыл алынган жок?

Акылбек Жамангулов: Бул маселени мен өзүм дагы көтөрүп эл аралык аудит жүргүзөлү дегем. Депутаттык комиссия көп жылдан бери аудит жүргүзүп жүргөн аудиторлор менен аудит жүргүзүү ыкмаларын иликтеп чыктык. Эл аралык аудит жүргүзүлгөндө 3 же 4 ай биринчи чоң каражат сарпталат экен. Экинчиден бул жарым жылга чейин созула турган иш экен. Үчүнчүдөн алар туура же туура эмес болгон деп гана жыйынтык чыгарып берет экен. Азыр болсо биздин аудиторлор Кытайдын аудиторлору менен бирге иштеп жатышат. Ошондуктан биздин аудиторлор Кытайдын аудиторлору менен эле тыянагын чыгарат болуш керек.

Аудиторлор эле эмес Кыргызстандын УКМКсы Кытайдын атайын кызматтары менен бирге иш алып барып жатышат. Бул иште Кыргызстандын гана жарандары эмес Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлдөрү дагы бул ишке тартылууда. Укук коргоо органдары бул маселеге кызыктар. Андыктан менин жеке оюмда эл аралык аудит жалдоонун кереги деле жок.

Марал: Атамбаевдин «Бишкек ЖЭБиндеги авария: ушактар жана чындык» деген көлөмдүү, борборду модернизациялоо тарыхынан тарта камоолорго чейинки учур жазылган билдирүүнүн азыр чыгышын эмне менен байланыштырасыз?

Акылбек Жамангулов: Бул чоң саясий тиреш болуп жатканын баарыбыз эле билип турабыз да. Бирок экономикалык ишти саясий тирешке айлантпашыбыз керек. Эгер убагында чоң кызматты ээлеген адамдар мүчүлүштүк кетирип, коррупцияга аралашкан болсо мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек. Мүмкүн документтерде колу жок болуп чыгып мыйзамдарды бузбаса акаталыш керек. Алынган насыяны болсо биздин жарандар төлөгөнү жатат да.

Марал: ЖЭБди реконструкциялоо боюнча келишим парламенттин кароосунан өтүп жатканда Жогорку Кеңеште тиешелүү комитет жетекчиси болуп отурган депутаттар азыр парламентте дагы деле депутат болуп турат. Атамбаев ошол эле ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жоопкерчиликке тартылбай жүргөнүнө нааразы болуп келет. Бул жагынан алганда тегиз мамиле болбой калып жаткан жокпу?

Акылбек Жамангулов: ЖЭБ боюнча дагы бир топ адамдар жоопкерчиликке тартылып бүтө элек. Дагы бир тобу тартылат болуш керек. Октябрь айында укук коргоо органдары парламентке келип маалымат бергенде биз дагы бул маселени көтөрөбүз. Жогорку Кеңеш бир айда канча деген келишимдерди ратификациядан өткөрөт. Албетте алар бир топ талаш тартыштар менен өтөт. Ал эми алынган каражатты, грантты түздөн-түз аткаруу бийлиги иштетет. Эгер тендерлерге аралашып, комиссия кабыл алган чечимдерге кийлигишсе жооп бериш керек эле. Бирок келишимди ратификация кылганы үчүн жооп бербеши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM