Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЕККУ Борбор Азиядагы коопсуздукту талкуулоодо

Саясат | 3 Окт 2018 | 1262 | 0

Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны ишин баштады. Жыйын Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн диалогду күчөтүү маселесине арналган. Жыйынга келген парламентарийлер чек ара аймактарындагы коркунучтарды аймактык кызматташтык менен чечүүнүн жолдорун, Борбор Азиядагы жана Жер ортолук деңизинин аймагындагы миграция сыяктуу маселелерди талкуулашат. Парламенттик ассамблеянын жыйынынын ачылышы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Эл аралык иш-чарага Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150дөн ашуун парламентчи тартылды.

Жыйындын ачылуу аземинде ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели Кыргызстанда акыркы болгон шайлоолордо демократиялык баалуулуктар сакталып, өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө күбө болгондугун эске салды. Ал  “гибриддик” жана маалыматтык согуш, улутчулдук, миграция, коопсуздук сындуу бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарын тизмектеди. Бул багытта уюм ар кандай коммуникациялык иш-чараларын көбөйтүү зарылдыгын айтты.

-ЕККУ ПАга мүчө-өлкөлөрдүн элдери бул уюмдан азыркы учурдун чакырыктары менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарды гана күтөт. Ар кандай конфликт чыгып жаткан аймактарда парламенттик дипломатия жолу менен тынчтыкты орнотуу маселелерине басым жасоо зарыл. Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогдорду колдоо, аларды улантуунун жолдорун табуу максаты турат. Бул отурумдун алкагында жогоруда аталган маселелерди дыкат талкуулайбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстандагы соттук, шайлоо жана укуктук системаларда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Жээнбеков мындан тышкары, терроризм, экстремизм жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузуп, бүтүндөй региондорду туруксуз абалга кептеп жатканын айтты.

-Мындай ири иш-чара өлкөбүздө демократия салттарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Көптөгөн өлкөлөрдүн парламентчилери биз кайсы жолду тандап алып, кандай өнүгүп жатканыбызга өздөрү күбө болот. Азыр Кыргызстанда реформалар болуп, коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Мамлекеттик башкаруу усулдары да каралып жатат. Анткени, ал азыркы шартка шайкеш келиши керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аймактык коопсуздукту камсыз кылууда ЕККУ эң ири аймактык уюм болуп саналат деди.

Анын айтымында, Борбордук Азия 4 ядролук куралы бар мамлекеттер менен байланышкан жана анын курчоосунда турган дүйнөдөгү бирден бир аймак болуп эсептелет. Чек аралардын чектештиги жана терроризм, диний экстремизм, сепаратизм, наркотрафик жана куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу көйгөйлөрдө аймактын мааниси өтө өзгөчө болуп саналат.

Анткени Борбордук Азия ЕККУнун түштүк-чыгыш чек арасындагы форпост, мындай коркунучтардын Евразия мейкиндигин каптап кетүүдөн сактаган өзгөчө бир буфердик зона. Уюмдун айдыңында жайгашкан мамлекеттер өлчөмү боюнча да, калкынын саны боюнча да, ошондой эле өнүгүү деңгээли боюнча да айырмаланып турат. Бирок баары бир алар бирдей деңгээлде коопсуздукка муктаж. Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет жогоруда айтылган көйгөйлөргө өзүнүн жеке күч-аракеттери менен натыйжалуу түрдө каршы аракеттенип күрөш жүргүзө албайт жана жое албайт. Ал эми ЕККУ жогоруда аталган бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетиштүү ресурстарга жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ.

ЕККУ ПА парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагында шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Кошумчалай кетсек, уюмдун жыйыны 4-5-октябрда да уланып,  “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогду колдоо” темасында парламенттик конференциясы өтөт. Андан тышкары, иш-чаралардын акыркы күнү келген меймандар кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышмакчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM