Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Райым Матраимов кыйын жигиттердин бири

Саясат | 3 Окт 2018 | 4437 | 0

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков баласын үйлөнтүп уул-келинине өкүл ата кылып Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду шайлады. Келдибековдун баласынын тою, өзгөчө Матраимовдун өкүл ата болушу коомчулуктун талкуусуна түштү. Биз эркин журналист Шаирбек Маматокторов аркылуу социалдык тармактарда сөз болуп жаткан кептер тууралуу Келдибековдон комментарий алдык.

Келдибеков баласынын тою тууралуу

Мен ар бир үй-бүлөгө, ар бир ата-энеге бала чоңойтуп үйлөнтүп, кыз чоңойтуп турмушка берүүсүн каалайт элем. Ата-эне балалуу болуп аларды окутуп, үйлөнтүп, турмушка берүүнү ниет кылат экенбиз. Мен уулум Бекболотту үйлөнтүп өткөн жумада эл катары той өткөрдүм. Урук-тууган, бала-чакам менен той өткөрсөкпү деп даярданып жүргөнбүз. Кудайга шүгүр чыкырган конокторубуз келип тойду өткөрүп алдым. Эң негизгиси элге чай берип бата алып бериш. Бул ата-бабадан калган үрп-адат.

Азыр мурдагыдай лимузин, ресторанды табыш кыйын эмес. Гүл коюу, ырчыларды чакыруу бул кадимкидей эле көрүнүш. Мага саясатчы катары жакшы каалоолорду жазып жатышат. 50дөн ашкан куракка чейин канча адам менен мамиле түзсөм, алардын жакшылыгына күбө болгон болсом, мен ошол адамдардын баарын тең бөлбөй-этпей чакырдым.

Келдибеков: Матраимовдон өкүл ата болууну сурандым

Өкүл ата кылып Райым Матраимовду суранып койдум. Райым Матраимовдор анын раматылык апасы, бир туугандары менен мамиле түзгөнүмө 20-30 жыл болду десем жаңылышпайм. Алардын же менин жакшылыктарымда катышып жүрөбүз. Кыйын адамдардын артынан сөз ээрчийт. Райым Матраимов кыйын жигиттердин бири.

Кыргызда эптеп эле бирөөнү жамандоо өнөкөт болуп калды. Эми тилде сөөк жок. Ар ким ар кайсыны айта берсе болот. Туура жагын колдонуп, туура эмес жагына көңүл бурбаш керек. Оюнан чыгарып жазып жаткандарга айтат элем бирөөнү жамандап, ушак токуп айтыш бул чоң күнөө. Райым иним келинчеги менен келип өкүл атанын салтын кылып келиниме ак жоолугун салып, гүлүн берип жакшы каалоо тилегин айтты. Буга чоң рахмат. Ал эми жанагы ушак жазгандардын баары суу кечпеген нерсе. Машина белекке бериптир дегендердин баарын Кудайга койдум. Анын баары ушак.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM