Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева: Европа Ислам дининен коркуп турган кези

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 675 | 0

ЕККУнун Варшавада өткөн жыйынында качкындар маселеси да каралды. Мындай пикирин иш-чарага катышып келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Европада качкындар маселеси актуалдуу. Анткени согуш болгон жерлердеги качкындардын дээрлик көпчүлүгү Европага кирип жатышат. ЕККУнун жыйынында бул маселе да каралган.

«Качкындар Европа, Францияга качат. Себеби бул мамлекеттердин мыйзамдык талаасын, тилин билишет», — дейт Үмөталиева.

Ал буга кошумча, ЕККУнун жыйынына каалоочулар катышарын жана ал жерде эч кандай коркунуч жок экенин белгиледи.

«Жыйында бейөкмөт уюмдарга ЖМК өкүлдөрүнө, жарандык коомго сөз берилет. Мындай ири жыйындарга катышуу чоң тажрыйба берет. Себеби башка мамлекеттердин мыйзам талаасын көрөсүң», — дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 10-сентябрда башталып 21-сентябрга чейин уланган жыйынга уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM