Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева: ЕКУУнун жыйынында Кыргызстандагы соттук реформалар тууралуу айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 771 | 0

Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынында быйыл өзгөчөлөнүп миграттардын маселеси дагы каралды. Бул тууралуу жыйынга катышып келген “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” бирикмесинин төрайымы, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Үмөталиева жыйында саясий мунапыска жол ачуу боюнча маселелерди көтөргөн.

«Мигранттардын келиши тууралуу да кайрылдым. Эки жарандуулукка ар бир мамлекет уруксат берсе. Себеби чет өлкөдө жүргөн мекендештер Кыргызстанга келүүнү каалашат. Миңдеген уул-кыздар коркунуч болсо дагы жарандыктарын сактап жүрөт. Мигранттарды атайын кароочу жайда бир канча күнгө камап койгон учурлар талкууланды», — дейт Үмөталиева.

Ал белгилегендей, Өзбекстандан барган бейөкмөт уюмдар кош жарандуулук маселесин колдоого алган.

Маалыматка ылайык, буга чейинки жыйындарда диний көз караштарга, ар кандай коркунучтарга жана башка маселелерге орун берилчү.

«Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева өлкөдө болуп жаткан соттук реформалар тууралуу маалымат киргизди. Мындан сырткары, абак жайлардагы реформалар, балдардын абалы, качкындар, адам сатуу темалары көтөрүлдү. Муздар боюнча маселе көтөрдүк. Кыргызстандын жашылдандыруу процессине төмөн деген баа берилүүдө«, -дейт Үмөталиева.

Эске салсак, 10-сентябрда башталып 21-сентябрга чейин уланган жыйынга уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM