Биз менен байланышыңыз

«Маралда» мектеп директорлору маселеси талкууланды

Билим-маданият | 28 Сен 2018 | 1992 | 0

«Марал» радиосунда “мектеп директорлорун дайындоо жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо” аталышында тегерек стол өттү. Анда билим берүү кодексин иштеп чыгуу, мугалимдердин статусун көтөрүү жана директорлордун ишин баалоо маселелери каралды. Жыйындын соңунда резолюция даярдалып Жогорку Кеңештин социалдык комитетине  берилери маалым болду.

Билим берүү жана илим министрлиги оптимизация кылуу алкагында өлкө аймагындагы мектептерден 3 миңден ашык мугалимди кыскартты. Ошондой эле, Орусиядан 500 мугалим чакыртмай болушуп, кийин бул демилгесинен баш тартты. Негизиги жаңы окуу жылы башталган соң билим берүү жаатындагы талкуулар жанданды. Мындан улам «Марал» радиосу мектептерге директор дайындоо, алардын ишин баалоо маселесин талкуулоо үчүн тиешелүү тараптарды тегерек столго чакырды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинен жана эксперттер катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева мектеп жетекчилеринин иши мониторинг жүргүзүү менен бааланышы керектигин белгилейт. Анын пикиринде, Билим берүү жана илим министрлиги ротация жасай албай, директорлорду кызматтан ала албай эле алардын жашын 65ке чектеп коюуда. Мындай аракеттер коррупцияга жол ачышы мүмкүн.

— Орто мектептерде улгайган мугалимдер жаш кадрларга мүмкүнчүлүк беришпей жатканын айтышат. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да иштегиси келген мугалимдер бар. Мугалимдердин пенсиясын 50 пайызга көтөрүү зарыл. Бул мыйзам ишке киришин талап кылышыбыз керек. Мүмкүн башка чыгашаларды үнөмдөсөк бул да ишке ашат. Башка мамлекеттик кызматкерлерге берилип келгендей эле мугалимдерге да турак-жай курууну бир жолго салып, аягына чыгаруу керек.Аккредитация жана баалоодо келишимге токтом менен чектөө киргизсе болот. Кызматка алууда тестирлөө, келишим түзүү сыяктуу башка жолдор бар. Учурда өлкө үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо абдан маанилүү. 

Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептердин директорлору министрликтин райондук башкармалыктары тарабынан мөөнөтсүз келишим менен кызматка алынаарын маалымдады. Анын айтымында, жетекчилерди баалоо системасы аккредитацияда каралган.

— Ал аккредитацияны биздин министрлик, лицензиялоо башкармалыгы онлайн түрүндө же алып келип беришет. Мектептерди аккредитациядан өткөрүүнүн арты менен директорлор тууралуу биринчи жолу так маалымат алына баштады. Эгерде бир жетекчинин жашы 65тен өтсө да көрсөткүчтөр менен иштебей жатса, бизге мыйзамдык жагынан кандайдыр бир жардам керек. Азыр мектеп директорлоруна, бала бакчанын жетекчилерине эч нерсе жок. Ошондуктан тажрыйбалуу укук коргоочулар менен мыйзам иштеп чыгышыбыз зарыл. Эгер директор критерийлерге таянып иштеп жатса, 65 жаштан өтсө дагы ишин улантсын деп жатабыз. 

Эл өкүлү Тазабек Икрамовду Кыргызстанда орто мектептердин директорлоруна карата эч кандай чектөө жок экениндиги ойго салды. Ал министрликке мектеп жетекчилерине чектөө киргизүү ишин жолго салууну сунуштады.

— Жакшы иштеген директор башка жакка кетет. Начар иштегендерди жумуштан бошотуп башка мугалимдерге жетекчи болуу мүмкүнчүлүгүн бериш керек деген маселени койгонбуз. Канчалык ызы-чуу болуп, ата-эне ыйлап келсе да директорлорду колдоп коёсуздар. Азыркы тапта директорлорду президент дагы алмаштыра албагандай кырдаал жаралып калган. Ал эми бул системаны Билим берүү министрлиги түзүп берүүдө. Эгер биз айткан сунуштар менен алып келсеңиздер парламенттен колдоп беребиз. Сиздер элге түшүнүксүз механизмдерди алып келип жатасыздар. 

Деген менен “Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мектеп директорлорунун кызматтык мөөнөтүн чектөө маселени чечпей турганын айтат. Анын пикиринде, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү жоюу үчүн ротация жана жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндө конкреттүү жобо иштелип чыгышы керек.

— Билим берүү жана илим министринин буйругу ири шааарларда күчүн жоготуп жатса анда министрдин жоопкерчилигин кароо зарыл. Бардык маселе парламентен башталат. Парламентке келген фракциялардын айрым мүчөлөрү шайлоо убагында мектеп директорлоруна карыз болуп калган. Жетекчилер добуш алып беришкен. Эмне үчүн Билим берүү министрлиги жүргүзүп жаткан реформаларга чоң тегерек столдор өтпөйт? 3 миң мугалим эмненин негизинде жумуштан алынат? 

Директорлорду ротация кылуу үчүн эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Анткени ротация менен эмгек кодексинде бири-бирине дал келбеген жагдайлар көп. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, саясат талдоочу Алмаз Тажыбай айтты.

Ал чет өлкөдө директорлор конкурстун негизинде тандалып, билимин жогорулатып тураарын мисал келтирди.

— Бизде директорлор тандоо менен алынбайт. Бул боюнча коомдук кеңеште көп пикир келишпестикке барганбыз. Мектеп жетекчилерин Билим берүү министрлигинин райондук бөлүм башчылары дайындаганы туура экенин айтышат. Анда директорлор тууралуу көйгөй жаралса ошол бөлүм башчылар жооп бериши керек. Тилекке каршы, биздин мыйзамда мындай нерсе каралган эмес. Көпчүлүк директорлор пенсияга жакындаганда ата-энелердин арызы менен иштен алынат. Натыйжада мектептин денгээли түшүп кетет. Мындайга жол бербей алардын тажрыйбасын жаңы муундун директорлорун даярдоого пайдалануу зарыл. Бизде жетекчилерди даярдоо деген нерсе жок. 

Жалпы республикалык тестирлөөдөн начар балл алгандардын көпчүлүгү педагогикалык адистиктерде окуп жатышат. Мындай пикирин айткан саясат талдоочу Алмаз Акматалиев бул маселени чечүү үчүн мугалимдердин статусун көтөрүү зарыл деп эсептейт.

— Педагогикалык кадрларды даярдоо эң көйгөйлүү маселе болуп калдыАлардын айлык акысын 30 миң сомго көтөрүп койсок, баары мугалимдик кесипти тандашат. Эмне үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы иштебейт? Коомчулукка ачылышса гана алардын түйшүгүн түшүнө баштайбыз.

Билим берүү боюнча эксперт, укук коргоочу Анара Дауталиева мамлекеттин билим берүү тармагына жылына 24 миллиард сом бөлгөнү жетишсиз экенин айтты. Анын пикиринде кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жана айлыктарды көтөрүү үчүн өкмөт дагы 2-3 миллиард сом каражат бөлүүсү керек. Ал буга кошумча, Билим берүү академиясын да сынга алып, 27 жылда эч кандай жумуш жасабаганын төмөнкүчө айтты.

— Бүгүн мамлекет биз мектептерди СССР убагындагыдай камсыздайбыз деп айта алабы? Азыркыдай жагдай улана берсе билим берүүбүздү жоготуп алабыз. Башка кызматтарда мөөнөт болгон сыяктуу эле директорлор үчүн да кызматтын убактысын аныктоо керек. Директорлорду дайындоо коррупциялык схема болуп калган. Өздөрүнө өздөрү баа берип, аккредитациядан өткөрөт. Мыйзамдын баарын карап биз да жардам беребиз. Көйгөйлөрдү чогуу чечпесек ротация менен көйгөй жоюлуп кетпейт. 

Билим берүү жана илим минисринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулардын билим сапатын текшерүүчү баалоо борборун Билим берүү министрлигинен бөлүү каралып жатканын маалымдады.

“Баалоо борбору мамлекеттик орган болбойт. Ал материалдык жаткан да, саясий жактан да көз карандысыз болот. Борборго күчтүү адистер кирет. Алар биздин министрликтин кызматкерлери эмес, ар кайсы түзүмдүн адистери. Кадр маселеси чечилген. Эксперттер атайын окутуудан өтүштү.

Ал эми физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев Билим берүү жана илим министрлиги директорлорго эч кандай таасир эте албайт деген ойдо. Ал мектептер айрым директорлор үчүн бизнес болуп калганын, бул көйгөйдөн арылуу үчүн билим берүү кодексин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт.

— Министр керт башы менен жооп бере турган укугун калыбына келтирүү зарыл. Ал өзүнүн колунда мезанизм болсо иштейт. Билим берүү кодекси болушу керек. Азыр бизде мектепке чейинки, жалпы базалык, баштапкы кесиптик билим берүү, илим боюнча мыйзамдар бар. Ал эми жалпы билим берүү кодекси жок.

Тегерек столдун соңунда талкууланган көйгөйлөр боюнча Жогорку Кеңештин социалдык маселелер комитетине резолюция даярдалып жөнөтүлө турган болду.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы 2241 мектепте 80 миңге жакын мугалим эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM