Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Директорлордун тажрыйбасын жаңы муунду даярдоого пайдалануу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 732 | 0

Мектеп директорлорун ротация кылуу үчүн эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Анткени ротация менен эмгек кодексинде бири-бирине дал келбеген карама-каршылыктар көп. Мындай оюн Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, саясат талдоочу Алмаз Тажыбай “Марал” радиосунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, мыкты мектептин директорун аймактагы башка мекемеге ротация кылуу зарыл.

«Эгер билим сапатын жогорулатса анда министрликке келип иштеши керек. ЖРТ боюнча 61-мектеп менен “Сапат” мекемелери биринчиликти алып келет. Региондор такыр артта калууда. Директорду даярдоо деген нерсе жок. Көпчүлүк директорлор пенсияга жакындаганда ата-энелердин арызы менен иштен алынат. Натыйжада мектептин денгээли түшүп кетет. Мындайга жол бербей алардын тажрыйбасын жаңы муундун директорлорун даярдоого пайдалануу зарыл», — дейт Тажыбай.

Ал чет өлкөдө директорлор конкурстун негизинде тандалып алынып, билимин жогорулатып тураарын айтып, Кыргызстанда мектеп жетечилерин дайындоодо мүчүлүштүктөр бар экенин белгиледи.

«Бизде директорлор тандоо менен алынбайт. Бул боюнча коомдук кеңеште көп келишпестикке барганбыз. Билим берүү министрлигинин райондук бөлүм башчылары дайындаганы туура келээрин айтышат. Анда мектеп жетекчилери боюнча көйгөй жаралса ошол бөлүм башчылар жооп берсин», — дейт Тажыбай.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча 472 директордун 72%ы 10 жылдык мөөнөт менен иштеген жетекчилер. Калганы он жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM